Токмоктун мэри Урмат Самаев Клара Сооронкулованы сотко бергени жатат

Токмоктун мэри Урмат Самаев Клара Сооронкулованы сотко бергени жатат

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулованы сотко бергени жатат. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Самаевдин айтымында, ал качан сотко кайрыларын азырынча чече элек, бирок социалдык тармактарда Клара Сооронкулова «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен ЖКнын депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин “спортчулары” экенин жазган. Ошондой эле Сооронкулованын айтканын Динара Ошурахунова да соцтармагына бөлүшкөн.

Урмат Самаев муну жалаа катары баалап жатат.

Белгилей кетсек, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бир нече жигит кол салып, уруп, телефонун тартып алышкан. Кол салуу өкмөт үйүнөн 100 метрдей аралыкта болгон.

Саясатчы окуяны саясий ишмердүүлүк менен байланыштырган. Шектүүлөрдүн бири түндө кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>