Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Тоо-кен тармагындагы лицензияларды массалык тапшыра баштады
10.12.2021 | 13:03
Тоо-кен тармагындагы лицензияларды массалык тапшыра баштады. Бул туурасында парламенттин тармактык комитетинен Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов билдирди.
Ал, “менин маалыматым боюнча, тоо – кен тармагында лицензия алгандар, кайрадан массалык тапшыра баштаптыр. Дүйшөмбү күнгө чакырып койсоңор” – деди.
Мадеминов Экономика министри Данияр Амангелдиевге “тоо- кен тармагына берилген лицензияны кайра тапшыруудан канча каражат казынага түшпөй жатат” деп суроо салды. Министр бул боюнча так маалыматы жок экенин айтты.
Издөө, чалгындоо, кен казуу болуп жалпы 2600дөн ашуун лицензия берилген. Алардын ичинен казуу ишин тезинен баштабай, лицензияны сатуу максатында кармап тургандар үчүн төлөм киргизилген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика