Санариптик өнүктүрүү министрлиги Дастан Догоевдин отставкасы тууралуу билдирүүнү четке какты.
«Догоевдин башка ишке өткөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Дастан Догоев жумуш ордунда жана өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Башкармалык Дастан Догоевге башка кызмат тууралуу эч кандай сунуш түшпөгөнүн белгилейт.