Партиялардын IT-адистери БШК сайты добуштарды бурмалабаганына ишенди

Партиялардын IT-адистери БШК сайты добуштарды бурмалабаганына ишенди

Саясий партиялардын IT-адистеринен, БШКнын мүчөлөрү жана адистеринен турган жумушчу топ парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланбаганына ишенди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган топ АСУнун маалыматынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөткөн кошумча таблицадагы механикалык катанын себептерин карашкан. Жыйындын катышуучуларына БШКнын сайты тесттик режимде иштетип көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында IT-адистер добуштарды көрсөтүүдө туура эмес программалоодон улам ката кеткенине ынанган.  Ал эми добуштардын саны жана пайыздык өлчөмү АСУдан автоматтык түрдө алынган маалыматтар менен дал келгенине ишенген.  “Сырткы таблицадагы каталар добушканалардан түшкөн маалыматтарга таасир эткен эмес” – деген жыйынтыкка келген.

Жумушчу топко «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Азаттык», «Кыргызстан жашылдар партиясы», партияларынын өкүлдөрү, «Ынтымак», «Социал-демократтар» жана «Ордо» саясий уюмдарынын IT-адистери, «Таза шайлоо» коомдук фондунун өкүлү кирген. Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү, АСУ маалыматтык системасынын программалык камсыздоону жакшыртуу тобунун жетекчиси жана аппарат кызматкерлери кошулган.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо тилкелер жабылгандан соң БШКнын сайты эки жолу “сбой” болуп иштебей калган. Мындан улам шайлоого катышкан партияларда нааразылыктар жаралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>