Санариптик өнүгүү министри Догоев отставкага кетет

Санариптик өнүгүү министри Догоев отставкага кетет

Санариптик өнүгүү министри Дастан Догоев Microsoft компаниясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жумушка орношкону жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.

Анын айтканына караганда, буга чейин эле ал компаниядан сунуш түшүптүр. Догоев «Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бүтсүн» — деп күтүп жүрүптүр. Эми министр  «Орусиянын баш калаасы Москвада аталган компанияда иштейм» — деп чечиптир.

Азырынча Microsoft компаниясында кандай кызматка орношоору туурасында так маалымат жок.

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

Билими:

  • 2008 – Кингстон университети, бизнести башкаруу боюнча бакалавр
  • 2020 — Гарвард университети. атындагы Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу магистри Жон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программасынын бүтүрүүчүсү

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2012-2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын Долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, директордун мекемени өнүктүрүү боюнча орун басары.
  • 2014-2017-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары
  • 2017-2018-жылдары — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы
  • 2018-2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
  • 2019-2020 — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы
  • 2020-2021 — Гарвард университетинде окуу. Мамлекеттик башкаруу институтунун мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасынын студенти. Джон Кеннеди жана Эдвард С. Мейсон программалары
  • 2021-жылдын 20-майынан тартып — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри
  • 2021-жылдын 27-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>