Ноокен электриктери өлкө казынасына кол салды

Ноокен электриктери өлкө казынасына кол салды

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери 9,5 млн. сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  ишкананын кассири жана эсеп-кысап боюнча инженери өз ара сүйлөшүп алып, Ноокендеги жеке чарбалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү  ““1-С” программасы аркылуу «РСК Банкка» төгүлгөн”- деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп турушкан. Банктан накталай төлөм үчүн берилген дүмүрчөктү «кылмышты жашыруу үчүн жасалмалап келишкен».

Тергөө көрсөткөндөй,  шектүүлөр 2015-жылы 1 млн. 47 миң сом, 2016-жылы 2 млн. 935 миң сом, 2017-жылы 2 млн. 600 миң сом, 2018-жылы 3 млн. 9 миң сом өлчөмүндө бюджеттик каражатты өздөрүнө алып алышкан.

Натыйжада «Жалал-Абад электр» ишканасына жалпы 9 млн. 592 миң 894 сом материалдык зыян келтирилген.

Ноокен райондук милициясы «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козгоп, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>