Украинанын президенти Володимир Зеленскийге куюп койгондой окшош адам Орусияда мигрант болуп иштейт.
Өзүн Умид деп тааныштырган өзбекстандык жаран Москвада сырдоочу болуп иштейт.
Ал телеграмдагы каналдардын бирине видео-интервью берип, өзү тууралуу айтып берген.
“2016-2017-жылдары тааныштарым Володимир Зеленский деген юмористке окшошсуң деп айтышкан. Качан гаа ал прездинет болгондо аны билдим. Ага чейин анын ким экенин билчү эмесмин”, — деп айткан ал.
Умид метродо бараткан сүрөтү менен август айында жалпы интернет колдонуучуларына таанымал болгон.