Мектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутатСалык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайтТаш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылды
БШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды
16.04.2026 | 17:02
Боршайком 16-апрелдеги отурумунда №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттин депутатынын бош мандатын Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды, деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.
БШК аны КР ЖКнын шайланган депутаты деп таанып, белгиленген тартипте каттады, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берди.
Комиссиянын маалыматы боюнча, өткөн парламенттик шайлоодо ал шайлоочулардын 3 324 добушуна ээ болуп, төртүнчү орунду ээлеген.
Буга чейин бул мандатка Чыңгыз Айдарбеков талапкер болгон, бирок 16-апрелде анын андан баш тартканы белгилүү болду.
Бир күн мурун Айдарбековго карата кылмыш иши козголгону маалым болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат