Эл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотека
2021: Кыргызстанда 243 чет өлкөлүк жаран кылмыш жасады
29.12.2021 | 09:31
2021-жылдын 11 айында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр тарабынан 243 кылмыш жасалып, анын ичинен 226 кылмыштын бети ачылган. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (93 факты) чет өлкөнүн жарандары 150 кылмышты көп жасашкан. Чет өлкөнүн жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларды уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да катталган.
Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Пакистандын, Түркиянын жарандары жасашкан. Ошондой эле, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн жарандары дагы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом