Чүйдө колледждин студенттерине башка диндин китептери мажбурлап окутулуудабы?

Чүйдө колледждин студенттерине башка диндин китептери мажбурлап окутулуудабы?

Шопоков шаарында жайгашкан колледждердин биринин студенттеринин кайрылуусунда аларга окуу жайда башка диндин китептери мажбурлап окутулууда. Окуя боюнча бардык керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты электрондук журналга катталды.

2021-жылдын 28-декабрында саат 15:20 чамасында милиция кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда Шопоков шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин окуучуларынын видео кайрылуусун аныктап, анда аталган мекеменин мугалимдери күч менен аларга башка диндин китептерин окутууда. Ошол эле учурда бул окуу жайдын ректору окуудан баш тарткан учурда окуудан чыгарууга мажбурлай турганы да кайрылууда айтылган.

Бул факты ИИБнын кызматкерлери тарабынан ЖКККББга катталып, алдын ала иликтөө иштери башталган.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө максатында Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>