Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун28-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты.

Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү.

Бейформал саммитке Белорусиянын башчысы Александр Лукашенко, Азербайжанстандын президенти Ильхам Алиев, Армения премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын пезиденти Шавкат Мирзиёев катышты.

Иш сапарын жыйынтыктап, Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда  Бишкек шаарына келди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>