Дастан Догоевдин ордуна Талантбек Иманов келди (РЕЗЮМЕ)

Дастан Догоевдин ордуна Талантбек Иманов келди (РЕЗЮМЕ)

Талантбек Иманов  Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.

Талантбек Иманов 1986-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) юридикалык факультетин аяктаган.

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарларында ротанын сержанты болуп кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу:

2008-2010-жылдары «Дастан» ТНК ААКтын күзөт кызматынын кызматкери;

2010-2011-жылдары — «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсынын технологиялык транспорт бөлүмүнүн башчысы;

2011-2014-жылдары «Улан» ААКда режим боюнча директордун орун басары;

2014-2017-жылдары – «Полигон» ЖАКтын башкы директору;

2018-2020-жылдары — бир эле убакта «Улан» ААКнын башкы директору, «ТНК Дастан» ААКтын өнүктүрүү боюнча директору;

2020-жылдын мартынан бери — «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>