Ош: Рейд учурунда таксилер 3 миң сомго чейин айыпка жыгылышты

 Ош: Рейд учурунда таксилер 3 миң сомго чейин айыпка жыгылышты

Ош милициянын кайгуул кызматы “Такси” аталышындагы рейдде айрым такси айдоочуларын 3 мин сомго чейин айып салышты. Бул туурасында кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, калк жыш жайгашкан аймактарда, базарларда, токтоого мүмкүн эмес жерлерден кардар ташыган таксисттерге мыйзамга ылайык 3 миң сомдон айып пул салынды. Шаар, райондор аралык каттамдардагы кичи автобустардын айрым айдоочуларына унааларынын техникалык абалдары начар болгондугу үчүн 5 протокол түзүлгөн.

1-январда башталган рейд 9-январга чейин уланат.  Бул рейддин максаты Ош—Бишкек, Ош—Алай, Ош—Баткен унаа жолдорунда мыйзамсыз каттаган таксилерди иретке келтирүү, техникалык абалынын жакшыртуу, жол кырсыктарын алдын алуу, унаа кырсыктарын болтурбоо, жол тыгынын азайтуу, жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жумушун жөнгө салуу, көзөмөл күчөтүү болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>