Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстан Казакстандагы жарандарын эвакуациялай баштады
06.01.2022 | 15:55
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерин эвакуациялап жатканын РИА Новостиге билдирген.
Маалыматка караганда, Казакстанда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Кыргызстандын жарандарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу эвакуациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Алма-Атадагы башкы консулдугу транспортту уюштуруп, эвакуацияга кеткен бардык чыгымдарды төлөп берген. Маалым болгондой, учурда кыргызстандыктарды өткөрүү пунктуна жөнөтүлүп, чек арадан өткөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тосуп алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат