Кыргыз армиясы Казакстандын стратегиялык имараттарын гана кайтарат

Кыргыз армиясы Казакстандын стратегиялык имараттарын гана кайтарат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен куралдуу күчтөрдү Казакстанга жөнөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңешке демилгелөө чечимин кабыл алды. Бул туурасында Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө Кыргызстандын аскер бөлүгүнүн ролу стратегиялык объектилерди коргоо менен гана чектелип, карапайым калк менен эч кандай өз ара аракеттенүүнү же коомдук тартипти камсыз кылуу жоопкерчилигин камтыбашы керектиги айтылат.

Министрлер кабинети Кыргызстандын элине, өлкөнүн бардык коомдук-саясий күчтөрүнө бул чечимге толук түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу чакырыгы менен кайрылат. Казакстан жакын коңшусу жана стратегиялык союздашы катары Кыргызстандын өзүнүн мыйзамдуу бийлигинин жардам көрсөтүү чакырыгын четке кагууга укугу жок жана ЖККУнун алкагында өз милдеттерин зарыл болгон деңгээлде аткарат.

Бүгүн бул маселени Жогорку Кеңеш жабык караары айтылган. Бирок, 39 гана депутат жыйынга келгендиктен кворум жок, жыйын эртеңкиге калды.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>