«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилет
Казакстанда каза болгон орусиялык аялга жети жолу бычак сайылып, башына ок тийген
14.01.2022 | 19:15
Казакстанда каза болгон Орусиянын жараны Мария Кимге жети жолу бычак сайылып, андан соң башына ок тийген. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.
Мария Тараз шаарындагы кафелердин биринин кызматкери болгон. Тополоң башталганда жумушчулар кафе ээсинен алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ээси баш тарткан. 26 жаштагы үч баланын энеси мекемени өзү жабууга аргасыз болгон. Бул маалда кафени тоноого аракет кылган мародерлор басып киришкен. Марияга 7 жолу бычак сайылып, башына контролдук ок тийген.
Орусиянын элчилиги Казакстандын Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылган кайрылуу жолдоду.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар