Баткенде катуу шамалдан келтирилген чыгым 16 млн сомду түздүMBANK дүйнөлүк деңгээлде таанылды: S&P Кыргызстандын биринчи санарип банкынын ишенимдүүлүгүн тастыктады!Кыргызстанда 56 миң гектар аянтта чегиртке зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери аяктадыБишкекте 1-июлдан тарта 8 автобустун жүрүү схемасы өзгөрөтБишкектин борборундагы ыдык көрсөтүү: кыз шектүүнү тартып алганКадамжайдын жети айылы таза суу менен камсыз болот
27-апрелге карата аба ырайы
27.04.2026 | 09:00

Бүгүн, 27-апрелде, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, ал эми Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаашы күтүлөт. Ал эми Талас облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 21…26°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 20…25°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 22…27°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 22…27°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 22…27°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 14…19°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 3…8°C, күндүз 17…22°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13°C, күндүз 22…24°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом