Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Казакстан: Кызыл-Ордодо үрөй учурган жол кырсыктан 7 киши көз жумду (ВИДЕО)
17.01.2022 | 17:07
Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыктан 7 киши көз жумду. Каргашалуу окуя ишемби күнү, 15-январда болгонун Tengrinews.kz жазып чыкты.
«Кызылорда облусунун 31 жаштагы тургуну башкарган Mazda MPV үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Венгриянын 44 жаштагы жараны айдап бараткан VOLVO жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Ал Венгриядан Ташкентке дары-дармек ташып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Mazda MPV үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 8 адам ошол жерден каза болгон», – деп билдирди Кызылорда облусунун куткаруу кызматынан.
Куткаруучулар өрт өчүрүп, күйүп жаткан киши сөөктөрүн алып чыгышкан. Жерине эки атайын техника, 8 куткаруучу барган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар