logo

Казакстан: Кызыл-Ордодо үрөй учурган жол кырсыктан 7 киши көз жумду (ВИДЕО)

Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыктан 7 киши көз жумду. Каргашалуу окуя ишемби күнү, 15-январда болгонун  Tengrinews.kz жазып чыкты.

«Кызылорда облусунун 31 жаштагы тургуну башкарган Mazda MPV үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Венгриянын 44 жаштагы жараны айдап бараткан VOLVO жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Ал Венгриядан Ташкентке дары-дармек ташып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Mazda MPV үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 8 адам ошол жерден каза болгон», — деп билдирди Кызылорда облусунун куткаруу кызматынан.

Куткаруучулар өрт өчүрүп, күйүп жаткан киши сөөктөрүн алып чыгышкан. Жерине эки атайын техника, 8 куткаруучу барган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>