Нарматова: Дипломумдун көчүрмөсү жок болгондугу үчүн суракка алып жатат

Нарматова: Дипломумдун көчүрмөсү жок болгондугу үчүн суракка алып жатат

Жогорку окуу жайды бүткөндүгүмдү тастыктаган дипломумдун көчүрмөсүнүн жоктугун шылтоо кылып уламдан-улам чакырып сурап жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова “Сереп Медиада” түз эфиринде билдирди.

Ал, «мени күбө катары чакырып жатат. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгүнө жараша филология факультетинин журналистика кесиптиги боюнча окууга тапшырганда кайсы окуу жайдын дипломун бергенсиз, анын көчүрмөсү архивде жок болуп жатат дешет. Менин дипломумдун көчүрмөсүнүн жоктугу күнөөм эмес да. Мындан улам кайсы бир кызыктар тарап бар экенинен шек санаттырып жатат. Ошол дипломдун көчүрмөсүнүн жоктугун шылтоо кылып, уламдан-улам чакырып жатышат” – деди Нарматова.

Орозайым Нарматованы буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети суракка чакырган. Андан соң президент Садыр Жапаров дагы “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде, “мага келген маалыматтар боюнча шайлоо өнөктүгү башталганда эле диплому жасалма деген арыздар түшкөн экен. ЖАМУга суроо-талап жиберип, жообу келгенче ушул убакка келди дешти”- деп жооп берген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>