Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Нарматовага “сүйлөбөй эле кой” деген эскертүү берилди
17.01.2022 | 17:24
Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматовага парламенттен эки адам келип “сүйлөбөй эле кой” деген эскертүү бергенин ал, “Сереп Медиа” басылмасындагы түз эфирде билдирди.
Ал, “мага Жогорку Кеңештен деле эки адам келип, “сүйлөбөй эле кой” – деген эскертүү берди. Атайын “бул кызга айтып койдум”- деп бийликке жагынуубу? Же кандай билбейм? Негизи менин мандатыма азыркы бийликтин мурду бүткөн жай жок, чынында. Себеп дегенде, бийлик алардын колунда. Алар каалаган адамдарын Жогорку Кеңешке, ар кайсы кызматка алып келе берет. Мандатты алып коюу менен, атайын каралоо менен кайратымды сындырып, унчуктурбоо аракети болсо, мен андай нерселерден коркпойм” – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат