Айсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалдыМуниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков прокуратурага чакырылганын айттыБыйыл дыйкандар кант кызылчасын заводго онлайн кезек менен тапшырууда
Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады
19.01.2022 | 23:09
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбек жана жанындагы чогу камактагы алты аял ачкачылык жарыялаганын билдирди.
Аталган борбордун маалыматына ылайык, алар УКМКнын №21 мекемесинин кызматкерлеринин ырайымсыз мамилесине жана камак шарттарына каршы нааразылык акциясына байланыштуу ачкачылык жарыялоо тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн.
Эске салсак, ИИМдин маалыматы боюнча, Гүлзат Мамытбек 7 жарандан акча алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашык.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбектин арызын Башкы прокуратурага жөнөттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом