Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармашты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 7-декабрында С.И. аттуу белгисиз адам менен алдын ала макулдашуу боюнча Ж.Ж.М.нын ишенимине кирип, 205 даана люстраларды берем деген шылтоо менен 100 миң орусиялык рубль өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган..

Аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин электрондук журналынын тергөө бөлүмүнө «алдамчылык» беренеси менен катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи Май РИИБнин ГОМ-5 кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан С.И. , 1992-жылы туулган тергөө кызматына жеткирилип, беренеге ылайык Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗОго камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери улантылып, кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>