Кыргызстанда асыл тукум чарба макамын алууга арыздарды кабыл алуу башталдыКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын уттуКыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышуудаКыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көпКайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталуудаГапар Айтиев атындагы музейде Роза Жангарачеванын жеке көргөзмөсү ачылат
Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады
19.01.2022 | 23:09
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбек жана жанындагы чогу камактагы алты аял ачкачылык жарыялаганын билдирди.
Аталган борбордун маалыматына ылайык, алар УКМКнын №21 мекемесинин кызматкерлеринин ырайымсыз мамилесине жана камак шарттарына каршы нааразылык акциясына байланыштуу ачкачылык жарыялоо тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн.
Эске салсак, ИИМдин маалыматы боюнча, Гүлзат Мамытбек 7 жарандан акча алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашык.
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Гүлзат Мамытбектин арызын Башкы прокуратурага жөнөттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом