Өзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүЖогорку Кеңеш Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү
24.01.2022 | 11:28
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайга боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы аралыктан иштөө режимине карабай толук кандуу иш графиги боюнча иштөөсүн улантат.
Үстүбүздөгү жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат