Аида Салянова: Митингден кийин эки кишини милиция кызматкерлери сабап кетишкен

Аида Салянова: Митингден кийин эки кишини милиция кызматкерлери сабап кетишкен

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, журналист Болот Темиров менен акын Болотбек Назаровду сотто жактаган жарандар Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов митингден кийин милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынган.

«Урматту ички иштер министри Ниязбеков мырза!

Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто Шайлообеков Нургазы менен Назаркулов Айбек активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?!

Кечирим сурап тез арада коё бересиңер деген үмүттөмүн!», — деп жазган Салянова.

Эске салсак, кечээ Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында журналист Болот Темировду жана акын Болот Назаровду колдоо митинги өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>