Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
27.01.2022 | 09:00
Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районундагы Мурас Ордо жаңы конушунун тургуну 23-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эртеси, 24-январда айланма жолдогу каналдын көпүрөсүнүн астынан аялдын буюмдары табылган. Кийинки эки күндө издөө иштери улантылып, натыйжа чыккан эмес.
Бүгүн Аламүдүн районунун No1-КБКнын куткаруучулары каналдан аялдын сөөгүн табышты. ӨКМдин кызматкерлери сөөктү суудан чыгарышып, маркумдун жакындарына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом