Төрөбаев Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айтты

Төрөбаев Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырууну чечкенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттен кетүүнү чечти. Бул тууралуу «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Төрөбаев Ташиев буга чейин тиешелүү кат жөнөткөнүн белгиледи.

«Бүгүн, 2022-жылдын 26-январында мен «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери катары фракциянын депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутаттыгынан чыгуу тууралуу арыз алдым. Мындан тышкары өлкө боюнча шайлоочулардын кайрылуулары бар. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат», — деди Төрөбаев.

Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыра турганын анын агасы, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйында билдирген.

Шаирбек Ташиев өзү бул билдирүүгө эч кандай комментарий бере элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>