Чолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койду
Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды
27.01.2022 | 09:00
Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналынан дайынсыз жоголгон 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районундагы Мурас Ордо жаңы конушунун тургуну 23-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Эртеси, 24-январда айланма жолдогу каналдын көпүрөсүнүн астынан аялдын буюмдары табылган. Кийинки эки күндө издөө иштери улантылып, натыйжа чыккан эмес.
Бүгүн Аламүдүн районунун No1-КБКнын куткаруучулары каналдан аялдын сөөгүн табышты. ӨКМдин кызматкерлери сөөктү суудан чыгарышып, маркумдун жакындарына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом