Активисттер УКМК менен ИИМ башчысын жоопко тартууну талап кылышууда

Активисттер УКМК менен ИИМ башчысын жоопко тартууну талап кылышууда

Ондогон жарандык активисттер, медиа өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдоду. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен ички иштер министри Уланбек Ниязбековду кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылышты.

«Биз адам ар-намысына шек келтирип, жарандардын жеке жашоосуна кийлигишкени, сыр маалыматты сактоо укугун бузуп, жеке маалыматты абдан уят формада коомчулукка таратканы үчүн УКМК төрагасы менен ички иштер министрин токтоосуз кызматтан алып, жазалооңузду талап кылабыз», — деп жазылган кайрылууга Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Нурбек Токтакунов, Марс Тулегенов баштаган ондогон активисттер кол коюшкан.

Журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыккан.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны «адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү», «ыплас ыкма», «журналисттерди коркутуу» деген сындар айтылган.

Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар. ​УКМК бул видеолорго атайын кызматтын тиешеси жок экенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>