Кыргызстан малды шарп оорусунан коргоо үчүн Россиядан 4,5 миллион доза вакцина сатып алатБишкекте мечиттен телефон уурдоого шектелген жаран кармалдыБишкекте милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалдыМарлен Маматалиев парламенттин төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталды
Бишкек: 7 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
28.01.2022 | 12:33
Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Юнусалиев жана Миррахимов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа менен айдоочу жети жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Бала жаракат алып ооруканага жеткирилген.
ЖККККнын кызматкерлери “Тойота” унаасынын 18 жаштагы айдоочусун таап, кармашып, андан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБге алып кетишкен. Аталган факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар