Бишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады
Бишкек: 7 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
28.01.2022 | 12:33
Бишкекте жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Юнусалиев жана Миррахимов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа менен айдоочу жети жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Бала жаракат алып ооруканага жеткирилген.
ЖККККнын кызматкерлери “Тойота” унаасынын 18 жаштагы айдоочусун таап, кармашып, андан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБге алып кетишкен. Аталган факты электрондук журналга катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар