Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкекте баңгизатын өстүргөн жаран кармалды – сүрөт
01.02.2022 | 09:15
Бишкекте баңги затын өстүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Шаар тургуну уулун үйүндө баңгизатын өстүргөнү үчүн сабап салганы белгилүү болду.
Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, курамында баңги заты бар өсүмдүктөрдү өстүрүү фактысы тастыкталды. Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн адам Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар