Кыргызстандыктар бокс боюнча Азия чемпионатында сегиз медаль утуп алышты

Кыргызстандыктар бокс боюнча Азия чемпионатында сегиз медаль утуп алышты

Бокс боюнча жаштар (22 жашка чейинкилер) арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандыктар сегиз медалга ээ болушту.

Турнир 20-30-январь күндөрү Ташкентте (Өзбекстан) өттү. Жеңиш үчүн 12 өлкөдөн 109 спортчу күч сынашты. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаевдин көзөмөлүндө 12 мушкер катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Мирзохид Имамназаров (63,5 кга чейин), Султан Асанкул уулу (67 кга чейин), Нурадин Рустамбек уулу (71 кга чейин) жана Рустам Ырысбек уулу (92 кг чейин) күмүш медалдын ээси болушту. Анвар Ходжиев (48 кг чейин), Рыспек Бектенов (60 кг чейин), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг чейин) жана Бакыт Токтосун уулу (86 кг чейин) коло байгеге ээ болушту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>