Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Мадумаров: Азыр УКМКдан элди коргош керек болуп калды
07.02.2022 | 14:31
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен элди коргош керек болуп калды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин комитет жыйынында УКМКнын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоорун кароо маалында билдирди.
“Башта кылмышкерлерден элди коргош керек болсо, азыр кыргыз коопсуздук кзыматынан, милициясынан, күч органдарынан, прокуратура, сотторунан кыргыз жарандарын коргош керек болуп калды. Ал боюнча көп сөз болот. Бирөөдөн маалымат алуу үчүн үнүн жаздырып алуу, видео тартууну прокуратуранын уруксааты жок эле өзүңөр мүмкүнчүлүк алуу өтө коопту. Баш мыйзамдагы жазылган укуктары бар адамдарды баса калып кармап кеткен фактылар соңку учурда көп көрүп жатабыз”- деди Мадумаров.