Үгүт өнөктүгүнүн эрежеси бузулса, кайда билдирүү керек

Үгүт өнөктүгүнүн эрежеси бузулса, кайда билдирүү керек

Бүгүн, 7-февралда шайлоо өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 26-февралга чейин созулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Боршайком талапкерлерге үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акысыз берилген телеканалдарды, басылмаларды кайсы максатта колдонууга болбой турганын эскертти:

— талапкерге каршы добуш берүүгө чакырыктарды жайылтуу;

— тигил же бул талапкер шайланса, мүмкүн болуучу терс кесепеттер жөнүндө баяндоо;

— ар кандай талапкер (кандайдыр бир талапкер) тууралуу терс пикирлер менен айкалыштырылган ачык басымдуулук кылган маалыматтарды жайылтуу;

— катталган талапкерди көрсөткөн талапкерге шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө көмөктөшүүчү маалыматтарды таратуу.

Эгерде шайлоочулар шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө мыйзам бузууларды байкаса, Тез чара көрүү координациялык тобуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:

WhatsApp: 0990 02-12-55; 0502 00-12-55

Кыска номер: 1255

Ишеним телефону: 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама: 0312 66-02-40

Kgor_cec@shailoo.gov.kg электрондук дареги.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>