Кыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулат
Депутат Масалиев аткаминерлерге көчөнүн туура аталышын эскертти
08.02.2022 | 12:12
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин комитет жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жетекчилерине “Түштүк Магистраль”- деп көчөнүн атын туура эмес атап жатканын сынга алды.
“Силер кайра-кайра эле атап жаткан “Түштүк магистраль” 2010-жылдан баштап Абсамат Масалиев атындагы проспектиси деп аталган. Атайын шаардык чечими менен ысым ыйгарылган болчу. Ушуну эстеп койгулачы. Аталганына 12 жыл болду, муну бардыгыбыз тактап алалы” – деди.
Абсамат Масалиев депутат Исхак Масалиевдин атасы. Саясий, мамлекеттик ишмер болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар