Масалиев: Шоумен болуп калдык

Масалиев: Шоумен болуп калдык

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин комитет жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилерине “ажаткананын лентасын кескендерди” сынга алып, мындай аракеттерди токтотууга чакырды.

Ажаткананы ачканыңарды токтоткулачы. Тез эле түшүндүрүп бергилечи. Сокулуктагы орто мектептин ажатканасын салтанаттуу түрдө ачылыш жасап, лента кестиңер. Бул өтө уят нерсе болду. Мектепти, төрөт үйлөрүн, бала бакчаны ачкыла, ажатканын ачууну токтоткула. Ансыз деле куудул коомго айланып кеттик. Депутаттар, министрлер эки күндө эле шоумен болуп калат. Вице-премьерлер шоумен болуп калат. Алардан четте калбай биз деле шоумен болуп баратабыз”- деди депутат.

Буга чейин Сокулук районунун кайсы бир мектебинин ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, аким өз кызматынан кеткен болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>