Бишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болдуАКШда дагы бир кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстан менен Пакистан медициналык билим берүү жаатында кызматташтыкты бекемдейт28-февралга карата аба ырайыИдеядан экранга чейин: Бишкекте «Үмүт» жаш кино форуму өтөтБишкекте «Росатомдун» экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Бишкектин мектептеринин ичинде алмаштырып кийүүгө өзүнчө бут кийим системасы киргизилет
10.02.2022 | 16:42
Бишкектин мектептеринде алмаштырып кийүү үчүн бут кийимдер системасы киргизиле баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, бул система Бишкектин үч билим берүү мекемесинде пилоттук түрдө ишке ашырылууда.
Вице-мэр бул балдар кир бут кийимдери менен кирбеши үчүн гана эмес, аларда тазалыкка болгон сүйүүсүн арттыруу үчүн жасалганын белгиледи.
Ал кошумчалагандай, ушул эле мектептерде таштандыларды өзүнчө чогултуу системасы да ишке ашырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом