Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Ысык-Атада жол кырсыгынан эки киши каза болду
12.02.2022 | 14:45
Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) “Ford Mondeo” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 адам (1970-жылы туулган К.Т. аттуу (эркек киши) 1970-жылы туулган К.Ж. аттуу (аял киши) каза болгон.
Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом