Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар. Мамлекет аларга кандай жардам берет?

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери бар. Мамлекет аларга кандай жардам берет?

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 108 ардагери калды. Бүгүнкү күндө ардагерлерге ай сайын 17 миң сомдон төлөнүп, ага өмүр бою президенттик стипендия жана ай сайын берилүүчү жөлөк пул кирет.

Президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы 7 миң сом. Бул каражаттар президенттик фонддон бөлүнөт.

«Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын 7 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул жана башка социалдык кепилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар каралган», — деп билдирет Социалдык камсыздоо министрлиги.

Жыл сайын 9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына республикалык бюджеттен ардагерлерге 20 миң сомдон бир жолку жөлөк пул төлөнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>