19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылды
Рафаэль Физиевдин Лас-Вегастагы беттеши жылып калды
14.02.2022 | 09:39
Рафаэль Физиев менен Рафаэль дос Аньостун (Бразилия) 19-февралда Американын Лас-Вегас шаарында өтө турган UFC боюнча беттеши жылдырылды. Бул тууралуу MMAFighting басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, турнир 5-мартка жылды. Буга кыргызстандык мушкердин виза алуудагы көйгөйү себеп болгон.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин декабрь айында өткөрүп, Жаңы Зеландиянын өкүлү Брэд Ридделл менен кез келип, аны үчүнчү раундда нокаут менен жеңген. Ал буга чейин беттештерге Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкпаарын айтып, Гондурастын атынан чыгаарын жар салган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт