Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Бүгүн Бишкекте Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
14.02.2022 | 09:24
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө башталат.
Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкекте жерге берилет. Ал 12-февралда каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча Конгантиевдин жүрөгү токтоп калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом