Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда23-февраль: Өлкөдө күн ачык болот
Тогуз-Торо: Кар көчкүдөн унаа табылды
24.02.2022 | 21:57
Бүгүн Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 338-чакырымында Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түштүк тарабында куткаруучулардын издөө иш-аракеттердин натыйжасында саат 16:30да “Пикап” унаасы табылды, бирок ичинде адам болгон эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган тилкеде “Чайна Роуд” ишканасынын 1 кызматкери дайынсыз болууда.
ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын адистеринин маалыматына ылайык 338-чакырымына болжол 600 миң м3 (кубометр), орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.
Эскерте кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымындарында кар көчкү түшүп, 4 адамды кар көчкү басып калган.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар