Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов каза болду

07.03.2022 | 12:35

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов каза болду. Бул тууралуу  Жогорку соттон билдиришти.

Адамкуловдун кесиптештери анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жогорку Соттун маалыматына ылайык, Адамкулов Чыңгыз Төлөкович 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Ленин райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган.

1997-1998-жылдары Кыргызпатенттин апелляциялык кеңешинин катчысы болуп иштеген.

1998-жылы кайрадан Свердлов райондук сотунун соттук отурумунун катчысы болуп дайындалган.

Маркум иште оң натыйжаларга жетишкендигине байланыштуу 2005-жылдын май айында Свердлов району боюнча ПССИнин улук соттук аткаруучусу болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-октябрындагы №485 Жарлыгы менен беш жылдык мөөнөткө Свердлов райондук сотунун судьясы кызматына дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 14-августундагы No159 Жарлыгы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы кызматына жаш курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган.

Reporter.kg’нин жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөт.

Scroll to Top