Талас: 2,59 га жер тилкеси мамлекетке өттү

Талас: 2,59 га жер тилкеси мамлекетке өттү

Мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү  2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>