Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тештишев Сокулук районунун борборундагы “Элден элге” социалдык дүкөнүнүн ачылышына катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, жардамдар дүкөнгө чогултулат. Ал эми дүкөн мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, бардык жардамга муктаждарга таратып берет.
“Сокулук районунда «Элден элге» аттуу социалдык дүкөн ачтык. Аны ачканыбыздын себеби азык-түлүккө муктаж жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бекер таратып берүү үчүн атайын ачтык. Бул эстафетаны өзүм баштап бердим, эми колунда бар жарандарыбыз да эстафетаны улап, ушул дүкөнгө азык-түлүк алып барса анын бардыгы адрестик негизде муктаждарга түз жеткирилип берилет. Эксперимент катары ачылган сокулуктагы бул социалдык дүкөндүн иши илгерилеп кетсе, калган 8 районго дагы ачалы деген аруу тилектерибиз бар» – деди Тентишев.
Эгерде бул дүкөнгө демөөрчүлөрдүн саны өсө турган болсо 8 районго чейин ачылат деп ишенишүүдө.