Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды

Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн Акылбек Жапаров жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды.

Мындан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырды. Тактап айтканда, электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырылды.

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>