Казакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштадыСоциалдык тармактарда УКМКга карата айтылган сын-пикирлерге видеожооп пайда болдуБишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 8 өспүрүмдүн төртөө табылдыТүркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдү
Кыргызстан 55 атайын «Тигр» бронетехникасын сатып алды
25.03.2022 | 14:06
Аскердик түзүмдү чыңдоо максатында Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн аскердик техникаларды, курал-жарактарды сатылып алынды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев.
Аскердик техникаларды алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.
«Бүгүн биз Орусиянын Арзамас шаарынан 55 атайын «Тигр» бронетехникасын сатып алдык. Бул машиналар биздин өлкө үчүн атайын даярдалган. Мындан тышкары, Орусиядан дагы 50 жаңы КАМАЗ сатып алдык, өзгөчө биздин Чек ара кызматы үчүн. Бардык жабдыктар өлкөбүздүн бюджетинин эсебинен алынган. Биз эч кимден жардам сурабайбыз. Өлкөбүздүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук камсыз кылабыз. Бардык техникалар Баткенге жөнөтүлөт», – деди Ташиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат