ИИМ: Республика боюнча видеокамералар көбөйтүлөт

ИИМ: Республика боюнча видеокамералар көбөйтүлөт

Ички иштер министрлиги жарандардын массалык жүргөн жерлерин, ошондой эле криминалдык абал күчөгөн жерлерди видеокөзөмөлгө алууну күчөтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик буга чейин өлкө боюнча 36 видеокөзөмөл камерасын орноткон.

Анын ичинен Бишкек шаарында 17, Чүй облусунда 10, Ош шаарында 2, Ош облусунда 10, Баткен облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1,  Талас облусунда 15 камера орнотулган.

Аталган камералар аркылуу республика боюнча коомдук коопсуздуктун абалын көзөмөлдөөнү Коомдук коопсуздук кызматынын оперативдүү башкаруу борбору ишке ашырат.

Алсак, 2021-жылдын октябрынан бери видеобайкоо камераларынын жардамы менен 1995тен ашык кылмыш жана укук бузуулар аныкталган.

Басма сөз кызматы билдиргендей, республиканын аймагында жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга 1150 фото жана видеотасма берилген.

«Коомдук коопсуздуктун мониторинг зонасын кеңейтүү үчүн быйыл тийиштүү программалык камсыздоону орнотуу жана өлкөнүн кеңири аймактарын камтыган сырткы видеобайкоо камераларын көбөйтүү пландаштырылууда», — деп жазат ИИМдин коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>